WordPress 100% кыргыз тилинде!

Биздин сүйүктүү система бүгүндөн баштап толугу менен кыргыз тилинде иштеп баштады! Учурда WordPress 6.2.2 акыркы нускасы толугу менен кыргыз тилине которулган. Андан кийин, WordPress’тин соңку нускаларында орнотуудан мурун тандалган тилдердин ичинен кыргыз тилин көрө аласыз.

Котормодогу бардык башка котормолор тазаланып, толугу менен кыргыз тилине которулган. Учурда айрым орфографиялык каталар оңдолуп жатат.

Эгер сиздин сайт мурунтан эле иштеп жаткан болсо, Жөндөөлөр → Жалпы бөлүмүнө өтүп, сайтыңыздын тилин кыргыз тилине өзгөртө аласыз. Котормолор дагы эле активдүү иштеп чыгууда, андыктан жаңы котормолор жөнүндө тез-тез жаңыртууларды ала аласыз. Мүмкүн болушунча ар бир жаңыртууну жүктөп алууну сунуштайбыз.

Posted in Uncategorized | Leave a comment

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген